Редакцияот 21.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 21-октябры № 23

 

2025-жылдын  9 айындагы жергиликтүү бюджеттин киреше-чыгаша бөлүгүнүн  жана  социалдык экономикалык  өнүктүрүү программасынын  аткарылышы  жөнүндө

 

 

Кыргыз  Республикасынын Бюджеттик Кодексинин  78; 79; 115- беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын  8-январындагы № 1 “ Калк жана  ишкердик субьекттерине  салык жүгүн  азайтуу жана  салыктык башкарууну  өркүндөтүү боюнча  чаралар  жөнүндө” Жарлыгынын  жана Ак-Башат айылдык кеңешинин сессиясынын 2025-жылдын  21-октябрындагы № 10- протоколунун чечиминин  негизинде,  айылдык кеңеш токтом кылат :

1.2025-жылдын  9 айында жергиликтүү  бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын  аткарылышы боюнча  айыл өкмөтүнүн  башчысынын отчету  эске  алынсын.

2.2025-жылдын 9 айынын  жыйынтыгы боюнча  бюджеттин  киреше бөлүгүнө  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр киргизилсин :

Салыктын аталышы

берене

Суммасы  ( миң.сом)

Анын  ичинде чейрек сайын

1

2

3

4

Жеке  адамдардан транспорт ээлерине салык

11312200

 

 

-2100,0

-304,5

-483,0

-1312,5

 

Юридикалык  жактардан  транспорт каражаттарынын  ээлерине салык

11312100

-60,0

-8,7

-13,8

-37,5

 

 

Айыл чарба жерлерине  жер салыгы

11321200

-1900,0

-190,0

-475,0

-475,0

-760,0

Бардыгы

 

-4060,0

-503,2

-971,8

-1825,0

-760,0

  2.2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы  боюнча кирешелердин көбөйүшүнө байланыштуу  чыгаша  бөлүгүнө 7232,1  миң сом суммасында өзгөртүүлөр  киргизилсин жана  чыгымдардын сметасы бекитилсин:

Раздел

Чыгашалардын беренеси

Элемент

          Суммасы ( миң.сом)

 

 

 

      3-чейрек

      4-чейрек

70111

2212

22122900

 

+60,0

70111

2824

28241100

 

+70,0

70111

3112

31123230

 

+120,0

70629

2215

22154900

+1832,1

+225,0

70629

3111

31112390

 

+2035

70629

3112

31122290

+2100,0

 

70911

3112

31123230

 

+60,0

70911

3112

31123230

 

+60,0

70911

3112

31123230

 

+60,0

70921

2221

22211100

 

+60,0

70921

3112

31123290

 

+50,0

70823

2215

22154100

 

+300,0

71092

2721

27213100

 

+200,0

Итого

 

 

+3932,1

+3300,0

3.Айыл чарба  багытындагы жерлерди  пайдалангандыгы  үчүн жер салыгын жана жеке жактардан транспорт каражаттарынын  ээлерине  салыкты Республикалык бюджеттен алууда  бюджеттин  чыгаша бөлүгү өзгөртүүсүз  калтырылсын.

4.Ак-Башат айыл өкмөтүнүн  башчысы, 2025-жылдын  жыйынтыгы боюнча  киреше бөлүгүн тактоодо Ак-Башат  айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу  комиссиясы менен  макулдашылсын.

 

 

Төрага

 

И.С.Рыскулов