Редакцияот 27.11.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 27-ноябры № 25

 

Долбоорду биргелешип  каржылоо  тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна ылайык жана Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Б.Азаматовдун “Новониколаевка айылынын Школьная  көчөсүнөн Киров көчөсүнө чейинки скверди көрктөндүрүү” боюнча долбоорду биргелешип  каржылоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеши   токтом кылат:

1. “Новониколаевка айылынын Школьная көчөсүнөн Киров көчөсүнө чейинки скверди көрктөндүрүү” боюнча долбоорду биргелешип каржылоого, айыл өкмөтүнүн башчысы  жергиликтүү  бюджеттин эсебинен   2 367 493 ( эки миллион үч жүз алтымыш жети миң төрт жүз токсон үч) сом  акча каражат  бөлүп берсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы 

 

И.С.Рыскулов