Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-апрели № 218
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын
Ички иштер министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн
ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кызмат системасын бюрократиядан арылтуунун алкагында калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 «Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
– «Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» бөлүмү күчүн жоготту деп таанылсын;
– «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги» бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын:
«
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат | ||
1 | Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди ташып келүүгө/ташып чыгууга лицензия же уруксат | «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары |
2 |
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө лицензия же уруксат |
«Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары |
».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жободо:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары – ИИМ) ведомстволук бөлүмү жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.»;
– 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жана таасири күчтүү заттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо.»;
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Кызмат төмөнкү функцияларды аткарат:
– Кыргыз Республикасынын баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;
– 1961-жылдагы Баңгизат каражаттары жөнүндө бирдиктүү конвенциянын, 1971-жылдагы Психотроптук заттар жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө конвенциянын тиешелүү бөлүмдөрүн, ошондой эле мамлекеттик жана мамлекеттер аралык башка программаларды, эл аралык долбоорлорду аткарат;
– кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, баңги камтыган жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун камтыган өстүрүүгө тыюу салынган өсүмдүктөрдүн улуттук тизмелерин (тизмектерин), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн алардын мааниге ээ болгон өлчөмдөрүн иштеп чыгууга катышат;
– Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитетке баңгизат каражаттарына жана психотроптук заттарга эл аралык квоталарды алуу үчүн маалыматтарды, ошондой эле Баңгизаттарды контролдоо боюнча эл аралык комитети тарабынан белгиленген формалар боюнча статистикалык отчетторду берет;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгууга, өндүрүүгө, даярдоого, кайра иштетүүгө, сактоого, берүүгө, сатууга, сатып алууга, пайдаланууга, соода жүргүзүүгө жана бөлүштүрүүгө лицензияларды, ошондой эле ташып келүүгө, ташып чыгууга, транзиттөөгө уруксат берүүчү документтерди берет;
– Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана белгиленген тартипте баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндөгү эл аралык долбоорлорду ишке ашырат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө программалык документтерди иштеп чыгууга катышат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндө укукка каршы жосундардын алдын алуу боюнча профилактикалык ишти уюштурат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө ИИМдин комплекстүү программаларын жана пландарын, буйруктарын жана нускамаларын аткарат;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулардын алдын алат жана аныктайт;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт;
– Кыргыз Республикасынын ыкчам-иликтөө иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзөт;
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү жана баңгиликтин алдын алуу чөйрөсүндө эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен белгиленген тартипте өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну жүзөгө ашырат;
– белгиленген тартипте маалымат системаларын түзөт жана пайдаланат, ошондой эле ыкчам эсепке алуу иштерин жүргүзөт;
– ыкчам, архивдик жана башка материалдарды убактылуу сактоону жана пайдаланууну уюштурат;
– белгиленген тартипте жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенет;
– Кызматтын ишинин натыйжалары жөнүндө статистикалык маалыматтарды түзөт;
– Кызматтын компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
– ички иштер органдарынын компетенциясына кирген баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыш иштери боюнча криминалисттик коштоону, тергөөгө чейинки текшерүүнү жана тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашырат.»;
– 14-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«– коррупциянын алдын алуунун ички системасынын иштешин, анын ичинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылат;
– коррупциянын алдын алууга жана профилактикалоого багытталган чараларды, анын ичинде мыйзамдардын талаптарынын, коррупцияга каршы стандарттардын сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону жүзөгө ашыруу аркылуу көрөт.».
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жободо:
– 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 7-пунктта «, ошондой эле баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо чөйрөсүндө» деген сөздөр алып салынсын;
– 8-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 9-пункттун 19, 20, 21, 22, 23 жана 24-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 16-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү маселелери боюнча конференцияларды, семинарларды, кеңешмелерди уюштурууга;».
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 156 «Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тарифтик эмес жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Эксперттик корутунду берүү боюнча эксперт уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды экспорттоого жана импорттоого уруксат документтерин берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын тизмегинде:
– 1-главанын 10-пунктунда «Саламаттык сактоо» деген сөздөр «Ички иштер» деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
жогоруда аталган Жобонун тиркемесинде:
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
4 |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Продукциянын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга таандык экендигин ырастоочу маалымкат |
Дары каражатынын сапаты жөнүндө корутунду | ||
Медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө корутунду | ||
Продукцияны мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | ||
Шайкештик жөнүндө декларация | ||
Адамдын ткандарын, канын жана анын компоненттерин, адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн экспорттоого/импорттоого лицензия |
»;
– 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
13 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | Кызматтык жарандык куралды, анын негизги (курамдык) бөлүктөрүн жана патрондорун экспорттоого/импорттоого корутунду |
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди ташып келүүгө/ташып чыгууга лицензия же уруксат | ||
Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө лицензия же уруксат |
".
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 176 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– медициналык буюмдарды андан ары эсептен чыгаруу үчүн аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө баалоо жүргүзүүнү камсыз кылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык буюмдардын натыйжалуу колдонулушуна мониторинг жүргүзөт.».
7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин баңгизаттарды мыйзамдуу жүгүртүүнү контролдоо боюнча башкармалыгынын материалдык-техникалык каражаттарын ушул токтомдун тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |