Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2023-жылдын 8-февралы  № 14-1

А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 03-февралындагы №01-19/122сандуу билдирүүсүн бекитип берүү жөнүндө

        А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын 2023-жылдын 03-февралындагы №01-19/122 сандуу билдирүүсүндө, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесине имарат куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,12га жер аянтын  ажыратып берүү жөнүндөгү маселени, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча   комитетине сунуштаган. Аталган комитет мүчөлөрүнүн отурумунда каралып, кеңири талкууланып, КРнын «Жер кодексинин» 25-беренесинин 2-бөлүмү, 32-беренесинин 4-бөлүмүнүн негизинде мамлекеттин пайдалануусуна берилсин деген 2023-жылдын 7-февралындагы №2 протоколуна таянып,  Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңеши

                                                           Токтом кылат:

1.А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту укуктук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызматчылыгын кароо, архитектура, курулуш, транспорт жана саламаттыкты сактоо боюнча   комитет мүчөлөрүнүн отурумунун протоколунун, КРнын «Жер кодексинин» 25-беренесинин 2-бөлүмү, 32-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарына таянып, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын “Кадастр” мамлекеттик мекемесине имарат куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 0,12га  жер аянтын мамлекеттин пайдалануусуна берилсин деген 2023-жылдын 7-февралындагы №2 протоколу жактырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 25-беренесинин 2-бөлүмү, 32-беренесинин 4-бөлүмдөрүнүн талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.

3. Ушул  токтом  мыйзам чегинде  аткарууга алынсын.

4. Токтомдун  аткарылышын А.Мирмахмудов  атындагы  айыл өкмөт башчысы  М.Нурматовго жана турак жай жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Араповдорго  тапшырылсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  А.Мирмахмудов атындагы  айылдык  кеңешинин тиешелүү  туруктуу комиссиясына  жүктөтүлсүн.

 

Төраганын м.а: 

 

А.Ашиева