Редакцияот 27.11.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 27-ноябры № 27

 

Долбоорду биргелешип  каржылоо  тууралуу

 

Кыргыз  Республикасынын  2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндө”  мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна  ылайык жана  Ак-Башат айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн  башчысы К.Б.Азаматовдун   “ Новониколаевка айылына балдар  ойночу  аянтча жана варкаут  аянтчасы менен  куруу” боюнча долбоорду  биргелешип  каржылоо боюнча сунушун угуп жана талкуулап, Ак-Башат айылдык кеңеши   токтом кылат:

1. “ Новониколаевка айылына балдар  ойночу аянтча жана варкаут  аянтчасы менен  куруу” боюнча долбоорду  биргелешип каржылоого, айыл өкмөтүнүн  башчысы жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  750,0 ( жети жүз элүү) миң сом  акча каражат  бөлүп берсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   милдети  бюджет боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы 

 

И.С.Рыскулов