Загрузка документа…
БАЙТИК БААТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024–жылдын 22-августу № 92
Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар категориясына которууга макулдук берүү
Кулматов Канат Ашымовичтин эс алуучу жай жайгаштыруу үчүн Кашка – Суу айылынын №1135 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,15 га жер тилкесинин “Айыл чарба багытындагы (жайыт) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категорияга которуу мүмкүнчүлүгү тууралуу кайрылуусун талкуулап жана карап чыгып Байтик Баатыр айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эс алуучу жай жайгаштыруу үчүн Кашка – Суу айылынын №1135 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0,15 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы (жайыт) жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категорияга которууга макулдук берилсин;
2. Байтик Баатыр айыл өкмөтү тарабынан айыл чарба багытындагы жер тилкесин “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка максаттар” категориясына которуу боюнча Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайство берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Байтик Баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго жүктөлсүн.
Төрага |
| Осмоналиев К. |