А. МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 15-марты № 15-1
Логистикалык борборун курулушу көздөлгөн 10,0га жер аянтынын 3,0га аянтына убактылуу базардын көчүрүлүп жаткандыгы себептүү ижара баасын аныктоо жөнүндөгү айыл өкмтүнүн 2023-жылдын 14-мартындагы №01-19/240 сандуу сунуш катын бекитүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча булактарды көбөйтүү максатында 2023-жылдын 14-мартындагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысынын №01-19/240 сандуу сунуш катын айылдык кеңешинин тиешелүү комитети карап чыгып, VII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 15- сессиясынын кароосуна сунуштады. А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш » боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 13 -мартындагы отурумунун №2-протоколуна таянып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1.А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык» боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 13- мартындагы отурумунун № 2 протоколун бекитип берүү үчүн макулдук берилсин .
2. Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 8-беренесинин 3-пунктунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровдорго тапшырылсын.
5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төраганын м.а: |
| А.Ашиева |