Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-апрели № 219
Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жана Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жана кайра каттоо үчүн жыйымды белгилөө жөнүндө
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 562-беренесин, «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жана кайра каттоо үчүн бир жолку жыйым:
– актуарийлерден – 10 (он) эсептик көрсөткүч;
– камсыздандыруу брокерлеринен – 10 (он) эсептик көрсөткүч;
2) Актуарийлердин жана камсыздандыруу брокерлеринин бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн ар жылдык жыйым:
– актуарийлерден – 10 (он) эсептик көрсөткүч;
– камсыздандыруу брокерлеринен – 10 (он) эсептик көрсөткүч.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |