Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 196-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ибрагимов Болот Адылбековичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басарынын кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, 20-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутат Ибрагимов Болот Адылбекович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 8-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун экинчи абзацында "Ханджеза Карим Лемзарович" деген сөздөр "Ибрагимов Болот Адылбекович" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ибрагимов Болот Адылбекович Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
4. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
"Ибрагимов Болот Адылбекович - "Мекенчил-Ынтымак" депутаттык тобунан;";
б) 7-пунктчанын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |