Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/39
Муниципалдык менчиктен өткөрүпберүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансында турган Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылында 50 лет Октября көчөсүндө жайгашкан спорттук ден-соолук комплексин (мурдагы “АЮ” ЖЧКсына тиешелүү) Сокулук районунун “Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине” өткөрүп берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылы, 50 лет Октября көчөсү №10а дарегинде жайгашкан спорттук ден-соолук комплексин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дене тарбия жана спорт департаментинин балансына Сокулук районунун “Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин” ишмердүүлүгүнө шарт түзүп берүү максатындаөткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовагна жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |