Редакцияот 15.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 15-июлу № 01-7/41

 

Таштанды чыгаруу үчүн алынуучу төлөмдөн бошотуу тууралуу

 

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-июнундагы №01-16/1936 кайрылуу катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, ошондой эле жарандардын социалдык абалын эске алуу менен, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын “Баатыр Эне”, “Эне Даңкы” мамлекеттик сыйлыгынын ээлерин жашап жаткан үйүндө каттоосу боюнча “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына тиешелүү статусун тастыктаган документтерин көрсөтүү менен, таштанды чыгаруу үчүн алынуучу төлөмдөн 2025-жылдын 1-август айынан баштап 100% бошотулсун.

2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза Айыл” муниципалдык ишканасына бул токтом жеткирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.

 

Төраганын орун басары

 

С.Б. Бекмырзаев