Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-декабры № 8-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
(КР Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 196-VIII токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 81-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары болуп шайлансын:
Ибрагимов Болот Адылбекович - "Мекенчил" депутаттык тобунан;
Таалайбек кызы Жылдыз - "Адилет Кыргызстан" депутаттык тобунан.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н. Тургунбек уулу |