Редакцияот 10.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезексиз 6 сессиясы

 

2025-жылдын 10-марты № 12

 

“Курама айыл аймагындагы турак жайларга жана имараттарга мүлк салыктын ставкасын кабыл алуу жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин №379, №380-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын №4-беренесинин 14-пунктуна ылайык жана ошондой эле жергиликтүү бюджетке кошумча кирешелердин түшүшүн камсыз кылуу максатында, Курама айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Курама айыл аймагында 2025-жылдын 1-январынан баштап турак жайларга жана имараттарга салыктык ставка 1 квадрат метрге 15 (он беш) сом өлчөмүндө эсептөөгө бекитилсин.

2.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына каттоого жана мамлекеттик реестрдин ченемдик актыларга киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

3.Токтомдун аткарылышы Курама айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.К. Кенжегуловага жана Курама айыл өкмөтүнүн СЭӨБ башчысы Ж.М.Шаршекеевага жүктөлсүн.

4.Ушул токтомдун ишке ашыруусу бюджеттик комиссиясынын төрагасы Э.Т.Абдрахмановго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Джумагулов А.К.