Редакцияот 15.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 15-июлу № 01-7/42

 

Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

 

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 3-июнундагы №01-16/1676 кайрылуу катынын негизинде Асылбаш айылынын тургуну Г.Салымбаевага жашап жаткан үй-жайы өрттөнүп кеткендигине байланыштуу материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө маселе каралып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Асылбаш айылынын Жайчы көчөсү №51А дарегинин тургуну Г.Салымбаевага үй-жайы өрттөнүп кеткендигине байланыштуу Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.

 

 

Төраганын орун басары

 

С.Б. Бекмырзаев