Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-марты № 13
Жер тилкесин убактылуу ижарага берүү
Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевдин жер тилкесин убактылуу ижарага берүү тууралуу маалыматын угуп, талкуулагандан кийин Панфилов айылындагы Центральный көчөсүндө №399 жана №401 жайгашкан 940 м квадрат жер тилкесин убактылуу ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин №25-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Панфилов айылындагы Центральная көч., №399 жана №401 дарегинде жайгашкан 940 метр квадрат жер тилкеси Карыпбеков Русланга убактылуу 5-жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Ижара акысы жергиликтүү кеңештин туруктуу жер комиссиясынын чечими менен 1 жылга 2000 сомго бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн жер суроолор боюнча адиси К.Б.Бейшеналиевге жана айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Р.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Джумагулов А.К. |