Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/43
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Сокулук, Жакынкы жана Алыскы Арал айылдарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын нормага келтирүү токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобого ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2024-жылдын 29-август күнкү №01-7/38 “Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Сокулук, Жакынкы жана Алыскы Арал айылдарында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин аянтын нормага келтирүү жөнүндө” токтомунун 1-пунктуна төмөнкүдөй түшүндүрмө мүнөзүндөгү абзац кошулсун:
- “Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтынын ченемдери ушул токтом күчүнө киргенден кийин бериле турган жер участокторуна гана колдонулат. Бул токтомго чейин мурдагы токтомдордун негизинде мыйзамдуу берилген жер тилкелерине жаңы нормалар тийиштүү эмес жана алар өз күчүндө калат.”
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын жана түшүндүрүлүшүн көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиянын төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |