Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-июну № 16
Курама айыл аймагынын участкалык шайлоо комиссияларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле административдик-аймактык түзүлүштөгү өзгөрүүлөрдү эске алуу менен Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагынын участкалык №7375, №7376, №7377, №7378, №7379, №7380, №7381 шайлоо комиссияларынын схемалары жана чек аралары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Курама айылдык кеңешинин токтому жана бекитилген №1 тиркеме Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Панфилов районунун Курама айылдык кеңеши, кезексиз сессиянын токтомун жана протоколдорун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |