Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары., ӨКМӨТ ҮЙҮ 1996-жылдын 23-апрели № 184
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗДАРЫНЫН ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН КЕҢЕШИНИН ОРТОСУНДА СОЦИАЛДЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА ЭМГЕК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА 1996-ЖЫЛГА БАШКЫ МАКУЛДАШУУ ЖӨНҮНДӨ
Социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүүнүн негизги маселелери боюнча макулдашылган чараларды ишке ашыруу жана эмгек мамилелерин жөнгө салуу, коомдо граждандык тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстан профсоюздарынын Федерациясынын кеңешинин ортосунда социалдык-экономикалык жана эмгек мамилелери боюнча 1996-жылга Башкы макулдашуу түзүлсүн. 2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу Башкы макулдашууну ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАН ПРОФСОЮЗДАР ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН КЕҢЕШИНИН ОРТОСУНДА
1996-жылдагы социалдык-экономикалык жана эмгек маселелери боюнча
МАКУЛДАШУУ
Социалдык-экономикалык саясаттын жана эмгек мамилелерин жөнгө салуунун, социалдык гарантияларды камсыз кылуунун, социалдык багытталган рынок экономикасын түзүүгө көмөктөшүүнүн жана коомдогу граждандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоонун турмуштук маанилүү маселелери боюнча макулдашылган чараларды жана аракеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши 1996-жылга карата ушул Макулдашууну түзүштү. Тараптар төмөнкүдөй артыкчылык максаттарды жана милдеттерди аныкташты: - экономиканын жогорулашына шарт түзүү; - калкты иш менен камсыз кылууга жана эмгек рыногун жөнгө салууга көмөктөшүү; - ишкана банкрот болгондо эмгекчилерге гарантия берүү; - калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу; - дайындуу социалдык коргоону күчөтүү; - эмгекти коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу; - саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздандыруу жана социалдык-маданий чөйрөнү сактоо; - эмгек мамилелерин укуктук камсыздандыруу жана социалдык өнөктүктү өнүктүрүү.
1. Өндүрүштүн төмөндөшүн токтотуу жана экономиканын жогорулашына шарт түзүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1.1. 1994-1997-жылдарда экономиканы кайрадан түзүүнүн Комплекстүү программасын өндүрүштүн төмөндөшүн токтотуу, экономиканын жогорулашына шарт түзүү, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттер жана башка чет өлкөлөр менен чарбалык байланыштарды өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча аткаруу ишин жандандырат. 1.2. Төлөө бирлигин жана ага кирүү шарты, тартиби жана процедурасы жөнүндө келишимди түзүү боюнча иш чараларынын планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат. Республиканын чарбалык байланыштарын интеграцияланышына жана экономикасынын өнүгүшүнө шарт түзүүчү Бажы, Төлөө жана башка бирликтерге киришин тездетүүнү камсыз кылат. 1.3. Салык, камсыздандыруу салымдарын жана бажы жыйымдарын төлөөнүн так тартибине, ишканалар менен уюмдардагы бардык эсептешүүлөрдүн ачыкка чыгарылышына жетишет, мөөнөтү өтүп кеткен төлөмдөрдү азайтууга чара көрөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүнө, төлөмдөрдүн кармалышына карата жоопкерчиликтин бардык түрлөрүн күчөтүүнү караган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизет. 1.4. Ата мекендик өндүрүштү коргоо жана жумуш орундарын сактоо максатында чийки затты, материалдарды жана отун-энергетика ресурстарын республиканын чегинен тышкары сарамжалыраак ташып чыгуу чараларын көрөт жана рентабелдүү ишканаларга зарыл жардамды көрсөтөт. 1.5. Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу продукцияны чыгаруучу жергиликтүү өндүрүүчүлөргө иштиктүү жардам берет. 1.6. Товар өндүрүүнү жана кызмат көрсөтүүнү өнүгүшүн камсыз кылуучу финансы-өнөр жай топторунун ишин колдоо чараларын көрөт. 1.7. Зарыл сандагы автобустарды, троллейбустарды, аларга запастык бөлүктөрдү сатып алуу үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда шаардык жүргүнчү транспортуна көмөктөшөт. 1.8. Жол тармагын финансылоонун нормативдик өлчөмүн жана бардык булактар боюнча каражаттардын өз убагында келип түшүүсүн камсыз кылуу максатында тийиштүү министрликтер менен администрациялык ведомстволорго Жол фондусун түзүү сунушун киргизүүнү тапшырат.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
1.9. Жамааттык келишимдер жана макулдашуулар, профсоюздардын өндүрүштү башкарууга катышуусунун башка түрлөрүн пайдалануу аркылуу эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, чыгарылуучу продукциянын сапатын атаандашуу жөндөмүн жогорулатууга көмөктөшөт.
2. Калкты ишке орноштуруу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2.1. Калкты ишке орноштурууга, мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатынын артыкчылык багыттары катары эмгек рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү ишин өркүндөтөт. 2.2. 1996-1997-жылдарга калкты ишке орноштурууга көмөктөшүүнүн Республикалык программасын иштеп чыгып жана бекитип, анын аткарылышын камсыз кылат. 2.3. Кирешенин жаңы жумуш орундарын түзүүгө пайдаланылуучу бөлүгүнөн салык алууда ишканаларга жеңилдик берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуш киргизет. 2.4. Тийиштүү министрликтерге жана администрациялык ведомстволорго экономиканы структуралык кайра түзүүнү эске алуу менен кадрларды даярдоо жана жаңы кесипке үйрөтүү чараларын ишке ашырат жана бул чаралардын ишке ашырылышын катуу көзөмөлдөйт. 2.5. Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине жумушсуздук боюнча пособиени өз убагында индекстөө механизмин 1996-жылдын 1-июлуна чейин иштеп чыгууну тапшырат. 2.6. Мамлекеттер ортосунда тышкы эмгек миграциясы жана граждандардын ыктыярдуу түрдө уюшкан көчүүсү боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларды иштеп чыгат жана ишке ашырат. 2.7. Кредит бөлүү жана инвестицияларды тартуу аркылуу жеке ишкердик кылууну колдоо менен жаңы жумуш орундарын уюштурууга шарт түзөт.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
2.8. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги, башка министрликтер жана администрациялык ведомстволор менен бирге Кыргыз Республикасынын "Калкты ишке орноштуруу жөнүндөгү" Мыйзамына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдоого, 1996-жылга карата калкты ишке орноштурууга көмөктөшүүнүн Республикалык программасын иштеп чыгууга, жапырт жумушсуздуктун кесепетин жумшартууга жана ишсиз калган граждандарды социалдык жактан коргоону камсыз кылууга багытталган нормативдик актыларды иштеп чыгууга катышат. 2.9. Профсоюздардын саламаттык жайларында жана туристтик уюмдарда жай мезгилинде 1500гө жакын адамды жумуш менен камсыз кылат. 2.10. Адистердин республикада жана чет өлкөлөрдө окуусун жана билимин жогорулатышын уюштурууга көмөктөшөт. 2.11. Борбордук, республикалык, тармактык комитеттер, облустук кеңештер, ишканалар менен чарбалардын профкомдору аркылуу кызматчылардын жүйөөсүз кыскарышына, жапырт бошотулушуна жана иштен чыгарылышына жол бербей, ийкемдүү графиктерди түзүү, жумуш күнүн, жумуш жумасын кыскартуу аркылуу жумуш орундарынын сакталышына жетишет.
3. Мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, ишканалар банкрот болгондо эмгекчилерге гарантиялар
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
3.1. Кызмат орундарын кыянат пайдаланган жана мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратууда жана менчиктештирүүдө кыянаттык кылган адамдарга көзөмөлдү күчөтөт жана аларды ээлеген кызматынан бошотууга жана кылмыш жообуна тартууга чейин тартип жоопкерчилигинин чараларын көрөт. 3.2. Жөндөмсүз ишканаларды аныктоо ишин маалымдуу жана ачык жүргүзөт. 3.4. "Банкроттук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ишканалар банкрот болгон учурда эмгекчилердин укуктарын коргоо боюнча, "Калкты ишке орноштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана калктын социалдык жактан корголушун жөнгө салуучу нормативдик актыларына толуктоолорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизет.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын Кеңеши:
3 5. Профсоюздун мүчөлөрүнүн мамлекеттик мүлктү мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү, ишканалардын банкрот болушу маселелерин кошкондо экономикалык билимин жогорулатуу ишин жүргүзөт. 3.6. Ишканалар банкрот болгондо администрация кабыл алуучу бардык чечимдерди эмгек жамааттарына жеткирет, алардын талкууланышын жана жамааттын таламын талашууну камсыз кылат. 3.7. Калкты ишке орноштуруунун аймактык борборлору менен бирге банкрот болгон ишканалардын эмгек жамааттарына республиканын эмгек рыногундагы бош орундар тууралуу маалыматты жеткирет жана бошогон кызматчыларды ишке орноштурууга көмөктөшөт.
4. Киреше жана турмуш деңгээли
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: 4.1. Калктын социалдык-демографиялык топтору боюнча эң аз керектөө бюджетинин 1996-жылдын 1-январында бекитилген нарктоо чоңдугунун негизинде калктын 1995-жылы калыптанган турмуш деңгээлин сактоо чараларын көрөт. 4.2. Эмгек акынын төлөнүшүн дайыма көзөмөлдөйт жана карызды болтурбоо жана келип түшкөн кирешенин биринчи иретте эмгек акыны, стипендияны, пособиени төлөп берүүгө жумшоого багыттоо чараларын көрөт. 4.3. Бардык аймактарда калктын турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө жол бербейт жана 1996-жылдын экинчи жарымында эң аз эмгек акынын көбөйтүү чараларын көрөт. 4.4. Жыл ичинде социалдык төлөөлөр боюнча болгон мамлекеттик карыздарды толугу менен жоет. 4.5. Калктын турмуш жана киреше деңгээлин иш жүзүндө баалоо үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин улуттук валютанын АКШ долларына карата сатып алуу теңдештигин такай жарыялоону уюштурууга милдеттендирет.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
4.6. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор менен бирге мыйзам актыларына киргизилүүчү калктын социалдык-экономикалык корголушун караган толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү иштеп чыгууга катышат. 4.7. Кайрылган бардык тараптардын эмгек акысы, пособиеси жана башка социалдык төлөп берүүлөр боюнча карыздардын суммасын талап кылуу боюнча кеңеш берүүчү жана иштиктүү жардамды берет.
5. Калктын социалдык жаткан корголушу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
5.1. 1995-1996-жылдарга карата калкты социалдык жактан дайындуу коргоо боюнча Программаны аткаруу чараларын көрөт. 5.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган социалдык жеңилдиктердин жана гарантиялардын деңгээлин мындан ары төмөндөтпөө чараларын көрөт. 5.3. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт ж.б. тармактарында калкка акысыз көрсөтүлүүчү кызматтардын деңгээлин төмөндөтпөө чараларын көрөт. 5.4. 1996-жылдын экинчи жарымында менчигинин түрүнө карабастан ар бир ишканада төлөө кудуретинен убактылуу ажырап калган, жабылган же банкрот болгон учурда эмгек акы боюнча карызды төлөө үчүн эмгек акынын гарантиялык фондусун түзүү үчүн тийиштүү нормативдик документтерди даярдайт. 5.5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк капиталдык тартуу менен иштеген ишканаларда жалданып иштеген граждандарынын укугун жана таламдарын коргоонун гарантиясын камсыз кылат. 5.6. Майыптар үчүн адистешкен ишканаларды колдоо үчүн жана алардын рентабелсиздигин эске алуу менен бул ишканаларга кредит бөлүүнү жана аларды дотациялоо каражаттарын карайт.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
5.7. 1996-жылдын 1-майына чейин жакырдык менен күрөшүү тактикасын иштеп чыгат. 5.8. Профсоюз уюмдарынын каражатын, чет өлкөлүк жардамды тартуунун эсебинен табигый кырсыктан жапа чеккен калкка жана кырсыкка кабылган үй-бүлөлөргө жардам берет.
6. Эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
6.1. 1996-жылдын биринчи жарымында төмөнкүлөрдү тапшырат: - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана соода министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги менен бирге жумуш берүүчүлөрдү иштегендер үчүн эмгектин сак-саламат жана коопсуз шарттарын түзүүгө экономикалык жактан кызыктыруунун механизмин иштеп чыгуунун жана өздөштүрүүнү; - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине санитардык-эпидемиология кызматтары менен бирге иштегендерге самынды, жуунгуч жана зыянсыздандыргыч каражаттарды акысыз берүү жөнүндө жобону иштеп чыгууну; - Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш министрлигине курулуш, реконструкциялоо тарабынан бүткөрүлгөн өнөр жай, курулуш, чарба жана башка объектилерди пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө Жобону иштеп чыгууну. 6.2. Бардык курулуш, реконструкциялоо жана продукция чыгаруу долбоорлорун милдеттүү түрдө экологиялык экспертизадан өткөрүү, ошондой эле жогорку тобокелдеги ишканаларды эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоонун бардык талаптарын эске алуу менен лицензиялоону киргизет. 6.4. 1996-жылдын экинчи кварталында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексине эмгекти коргоо жана эмгек мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарына салынуучу айып төлөөнүн өлчөмүн чоңойтуу жагынан өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунуш киргизет. 6.5. Атайын кийим, атайын бут кийим, жаматтык жана жекече сактануу каражаттарын жасап чыгаруучуларга салык жеңилдиктерин берүү маселесин карайт.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
6.6. Төмөнкүлөрдү иштеп чыгууга жана өздөштүрүүгө катышат жана иштиктүү жардам берет: - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жаткан коргоо министрлигине жана башка мамлекеттик органдарга - иш берүүчүлөрдү иштегендер үчүн эмгектин сак-саламат жана коопсуз шарттарын түзүүгө экономикалык жактан кызыктыруунун механизмин. Мөөнөт - экинчи квартал; - Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине - сүт жана ага теңдеш тамак-аш азыктарын акысыз берүү Эрежелерин. Мөөнөт үчүнчү квартал; - Кыргыз Республикасынын Архитектура жана курулуш министрлигине курулуш, реконструкциялоо тарабынан бүткөрүлгөн өнөр жай, курулуш, чарба жана башка объектилерин пайдаланууга кабыл алуу жөнүндө Жобону. Мөөнөт - үчүнчү квартал. 6.7. Бардык курулуш, реконструкциялоо жана продукция чыгаруу долбоорлорун экологиялык жаткан экспертизалоого, ошондой эле жогорку тобокелдеги ишканаларды курууну жана пайдаланууну эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоонун бардык талаптарын эске алуу менен такай көзөмөлдөөнү ишке ашырат. 6.8. Чыгарылуучу атайын кийимдик, атайын бут кийимдин жана сактануунун башка каражаттарынын сапатын такай көзөмөлдөйт. 6.9. Тийиштүү органдар менен бизге экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөөнү уюштурат.
7. Саламаттыкты коргоо, социалдык камсыздандыруу жана социалдык-маданий чөйрөнү сактоо
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
7.1. Мамлекеттик "Улут саламаттыгы" программасынын аткарылышын камсыз кылат жана саламаттыкты сактоонун муктаждыгына бюджеттен акча бөлүүнү көбөйтөт. 7.2. Республикага өтө зарыл дары-дармек каражаттарын, вакциналарды, сывороткаларды, медициналык аппаратураны жана жабдууну пландуу алынып келүүнү ишке ашырат. Кыргызстанда дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү кеңейтүүгө шарт түзөт. 7.3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык фонду тарабынан "1995-жылга карата республикалык бюджет жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында калкка пенсияны, пособиени өз убагында төлөп берүү, эмгекчилерди жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн саламаттыгын профсоюздук эс алуу жайларында жана жайкы чыңдоо лагерлеринде чыңдоо үчүн каралган каражаттын бөлүнүшүн камсыз кылат. 7.4. Жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана жетимдердин саламаттыгын чыңдоо үчүн 1995-жылдагыдан кем эмес өлчөмдө максаттуу каражат бөлөт. 7.5. Кыргыз Республикасынын Чернобылдагы кыйроодон жапа чеккен граждандарын социалдык коргоо боюнча мыйзамдарын сөзсүз аткарылышын камсыз кылат. 7.6. Радиациялык нурлануусу жогору ишканаларда эпидемиологиялык жана медициналык изилдөөлөрдү, радияцияга чалдыккан адамдарды медициналык жана социалдык жактан калыбына келтирүү борборлорун камтыган Мамлекеттик программаны иштеп чыгат жана бекитет. 7.7. 1996-жылдын экинчи жарымында маданиятты өнүктүрүүнүн 2000-жылга чейинки Мамлекеттик программаны иштеп чыгат жана бекитет. 7.8. Социалдык-маданий чөйрөнүн коммерцияга байланышпаган мекемелерин салыктан жана милдеттүү төлөмдөрдөн бошотуу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
7.9. 1996-жылдын экинчи кварталында жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдардын жана өспүрүмдөрдүн жайкы каникул убагында эс алышын жана саламаттыгын чыңдашын уюштуруу жөнүндө биргелешкен токтомдун долбоорун иштеп чыгат. 7.10. Жумуш берүүчүлөргө камсыздандыруучу чегерүүлөрдүн толуктугуна көзөмөлдүк кылат жана социалдык камсыздандыруу каражаттарынын убактылуу ишке жараксыздык боюнча пособие төлөөгө жана эмгекчилер менен алардын балдарынын профсоюздук санаторийлерде, балдардын саламаттыкты чыңдоо лагерлеринде саламаттыгын чыңдоосун уюштурууга көзөмөлдүк кылат. 7.11. Чернобыль кыйроосунан түз жапа чеккен кызматчылардын саламаттыгын чыңдоо чараларын көрөт, ошондой эле пайдаланылбаган санаториялык-курорт жолдомолорунун ордуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз убагында төлөп берүүнү ишке ашырат.
8. Социалдык өнөктүк
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
8.1. 1996-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Жамааттык келишимдер жана макулдашуулар жөнүндө", "Жекече эмгек талаштары жөнүндө", "Жамааттык эмгек талаштары жөнүндө", "Эмгек отпускалары жөнүндө" мыйзамдардын кабыл алынышына көмөктөшөт.
Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңеши:
8.2. Социалдык-экономикалык концепцияларды жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, эмгек мамилелери, калкты ишке орноштуруу, эмгек акы, эмгекти коргоо, эмгекчилердин саламаттыгын чыңдоо жана социалдык камсыздандыруу маселелерин кароого, ошондой эле социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, коомдо граждандык тынчтыкты жана улуттук ынтымакты сактоо чараларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат.
9. Башкы макулдашуунун аракети жана аны ишке ашыруу механизмин ишке ашыруу
9.1. Макулдашуу ага тараптар кол койгон учурдан баштап күчүнө кирет жана 1996-жылдын ичинде аракеттенет. 9.2. Кызматташуунун айрым маселелери боюнча Тараптар биргелешкен макулдашууларды (протоколдорду) же башка документтерди иштеп чыгат жана өз ара макулдашуу боюнча андан ары такталышы мүмкүн. 9.3. Ушул Макулдашуу аракеттенген мезгилде Кыргызстан профсоюздар Федерациясына кирген профсоюздар бышып жетилген бардык маселелер боюнча кеңешип турушат жана мунун негизинде ушул Макулдашуунун чегинен чыкпаган чечимдерди кабыл алышат. 9.4. Тараптардын ушул Макулдашууну аткаруу боюнча жоопкерчилиги өз ара түзүлүүчү келишимдер (протоколдор) боюнча жөнгө салынат. Ал келишимдердин (протоколдордун) аракетин камсыз кылуу аларды Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштөө жана иш чаралар пландарына киргизүү аркылуу ишке ашырылат. 9.5. Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшүн кароо үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басарлары министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана профсоюздардын тармактык комитеттеринин жетекчилеринин катышуусу менен эки айда бирден кем эмес жолу жолугушат. 9.6. Ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшү жана жыйынтыгы республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.
|