Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/44
Сары-Өзөн айыл аймагынын убактылуу пайдаланууга берилүүчү муниципалдык жер тилкелеринин баштапкы ижара акысын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 15-июлундагы №01-16/2250 катына ылайык, айылдык кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Н.К.Сарбагышованын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин убактылуу пайдалануу үчүн баштапкы ижара акысын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине менчик же ижара укугун акы төлөп берүү тартиби жана шарттары жөнүндө» типтүү Жобого ылайык, муниципалдык жерлерди максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү бюджетке түшүүчү кирешелерди көбөйтүүнү камсыз кылуу максатында Сары-Өзөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык менчикке таандык жер тилкелерин төмөнкүдөй максаттар боюнча убактылуу пайдаланууга берүүдө баштапкы ижара акысынын өлчөмдөрү бекитилсин:
- коммерциялык максаттар үчүн (соода павильондору, чач тарачтар, ломбарддар, унаа токтотуучу жайлар, дүкөндөр жана башка убактылуу обьекттер) Сокулук айылынын ичинде – 1500 (бир миң беш жүз) сом 1 чарчы метри үчүн, ал эми айыл аймактын айылдарында 700 сом 1 чарчы метри үчүн,жылына;
-коммерциялык эмес максаттар үчүн (жашылдандыруу-көрктөндүрүү, гараж, коомдук, маданий, билим берүү, социалдык багыттагы иштер үчүн) – 50 (элүү) сом 1 чарчы метри жылына;
- огород үчүн – 200 (эки жүз) сом 1 чарчы метри жылына;
- тозмо суу сактагычтар (пруды) жер тилкелери – 30 000 (отуз миң) сом жылына;
- жарнама такталары – 2000 (эки миң) сом 1 чарчы метр, бир айга;
- антенна мунарасы үчүн – 5000 (беш миң) сом – бир айга.
2. Муниципалдык жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү ачык конкурстук негизде жүзөгө ашырылсын жана конкурсту өткөрүүнүн тартиби, критерийлери жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген типтүү Жобого жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталсын.
3. Айыл өкмөтүнө тапшырылсын:
- конкурсту уюштуруу;
- бекитилген өлчөмдөрдү (ставкаларды) жарандарга жеткирүү;
- ижара келишимдерин мыйзам чегинде каттоону камсыз кылуу.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомду Сары-Өзөн айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясы иш жүргүзүүдө колдонууга алсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.К. Сарбагышовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |