Редакцияот 31.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 9 сессиясы

 

2025-жылдын 31-июлу № 21

 

 

Бюджеттик каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана кыскартуу жөнүндө

Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттик каражаттардын кредиттерин төмөнкү бөлүмдөр боюнча кайра бөлүштүрүү жүргүзүлсүн:

-70629 “ТЖКК” бөлүмүнөн-1250,0 миң сом,

-70111 “Аппарат” бөлүмүнөн-60,0 миң сом,

-70911 “Мектепке чейинки билим берүү” бөлүмүнөн-200,0 миң сом

-70921 “Билим берүү” бөлүмүнөн-577,5 миң сом (тиркемеге ылайык).

2. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 1510,7 миң сомго кыскартылсын.

Киреше бөлүктөрүнүн кыскартылышы:

-Транспорт каражаттарына салык-635,7 миң сом

-Айыл чарба жерин пайдалануу салыгы-875.0 миң сом.

3. Чыгаша бөлүктөрүнүн кыскартылышы:

-70629 “ТЖКК”-2215 “Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу”-690,7 миң сом

-70812 “Спорттук мекемелер” 2221 беренеден (Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар” 220,0 миң сом

-70921 “Билим берүү” 22221200 “Чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди жана материалдарды сатып алуу”-200, миң сом

-71093 “Социалдык коргоо” -27221 “Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул”- 400,0 миң сом.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү бюджеттик комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Джумагулов А.К.