Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 183-VIII
"Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2025-жылдын 18-декабрындагы чыг. № 18-13630) "Женева шаарында 2022-жылдын 17-июнунда Дүйнөлүк соода уюмунун Министрлер конференциясынын он экинчи сессиясында кабыл алынган Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндө Марракеш макулдашуусуна (Балык уулоо жаатындагы субсидиялар жөнүндө макулдашуу) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда аталган мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын биринчи орун басары |
| Ч.И. Ажибаев |