Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын “29” августу № 24
Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” Мыйзам талаптарын камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу жана Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 22.08.2025-жылдагы №156-т тескемесинин аткарууда тиешелүү иш аракеттерди көрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагында жайгашкан ресторандарда, эс алуучу жайларда, тойканаларда жана салтанат өтүп жаткан турак үйлөрдө “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын №194 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, саат 22:00 дөн таңкы 07:00гө чейин (дем алыш жана майрам күндөрү саат 09:00гө чейин) үн басымынын жана ызычуунун белгиленген деңгээлинен ашууга тыюу салынсын.
2. Ушуга байланыштуу, төмөнкү иш-чаралар ыкчам түрдө жүргүзүлсүн. Курама айыл өкмөтүнө караган милициянын ыйгарым өкүлдөрүнө, айыл башчыларына, мечиттердин башкы имамдарына:
-бардык массалык иш-чаралардын жана коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгү саат 22:00дөн кечиктирилбестен токтотуу боюнча рейд жүргүзүлсүн;
-тынчтыкты бузуудан корголууга тийиш болгон жайларга жана аймактарга жакын жайгашкан эс алуучу коомдук жайларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көзөмөлдөнсүн;
-Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын беренелеринин бузуулары катталган учурда тийиштүү чаралар көрүлсүн;
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №54 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын талаптары элдик жыйындарда, жума намаздарда мечитте, калк арасында жайылтылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Джумагулов А.К. |