Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын “29” августу № 25
Курама айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө
Курама айыл аймагынын Ардактуу атуулу жөнүндө бекитилген Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курама айыл аймагынын ардактуу атуулу наамы төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:
-Кочербаева Нурийлага;
-Мандрыко Галина Егоровнага;
-Алымкулова Эрмек Жанжаловнага.
2. Курама айыл аймагынын Ардактуу атуулу жөнүндө бланктарды даярдоо үчүн, Курама айыл өкмөтүнүн финансы-экономика өнүктүрүү бөлүмүнө акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курама айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
Төрага | Джумагулов А.К. |