Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 23-февралы № 208
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 4-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө Жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобо” ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана укуктук камсыздоо башкармалыгы:
1) бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мамлекеттик жана расмий тилдерде, аталган буйрук жарыяланган булакты көрсөтүү менен кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө маалымат үчүн жиберсин.
3. Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясат башкармалыгы жана Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгы бул буйрукту саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жеткиришсин.
4. Бул буйрукту ишке ашыруу тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин каражаттарынын эсебинен жана тыюу салынбаган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары А.Т. Маткеримовго жүктөлсүн.
Министри |
| К.М. Досмамбетов |