Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 8/4

«Маршруттук каттам жөнүндө»

“Шопоков-Унаа” МИнын директору У.Н.Шекимбаевдин сунуш пикирин угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын  2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 12-пунктуна ылайык, З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №8 чечиминин, З. Кайназарова айыл аймагынын тургундарын коомдук транспорт менен өз убагында жана сапаттуу камсыз кылуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. ”Сокулук-Чат-Кель” маршруттук каттамын жүргүзүүгө макулдук берилсин, жол кире акысы “Сокулук - Чат-Кель”-35 сом, Тюзь-Сокулук-40 сом, Первомай-Сокулук -20 сом, айыл ичи -20 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтү жергиликтүү эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттоого жѳнѳтсүн.

4. Ушул токтумдун аткарылышын камсыздоо З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ ѳзүмѳ калтырам.

 

 

Төрага

 

Э.Б. Ибраимов