Редакцияот 12.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ

XXIX- чакырылыштын 8- (кезектүү) сессиясы

 

2025-жылдын 12-сентябры № 8/7

 

«Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө»

Бокеев Дамир Джамгырчиевичтин арызын окуп,талкуулап 2025-жылдын 8-августундагы №4 жер комиссиясынын корутундусунун, жана З. Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын кезектеги сессиясынын №8 чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чат-Кель айылынын Почтовая көчөсү 195 дарегинде жайгашкан мурунку “Ветеринардык аптека алдындагы жер тилкеси (вет.лечебница)” деп аталган жер тилкеси ЕНИ -7-08-21-1001-0001 1835 кв.м максаттык багыты “турак-үй багытына” өзгөртүлсүн.

2. Айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте иш алып барсын.

3. Токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер боюнча комиссиянын төрагасы Н.Б. Картанбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Э.Б. Ибраимов