Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/12
“Жайыт акыларын белгилеп бекитип берүү жөнүндө”
Агрардык чарба жүргүзүү муниципалдык ишканасынын жайыт акыларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Мал жандыктарынын жайыт акылары (тарифин) төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Жылкыга 1 айга-80 сомдон
2) Кара малга 1 айга -50 сомдон
3) Кой-эчкиге 1 айга -10 сомдон
2. Жайыт жерлерин кыйыр пайдалануучуларга 1 га жерге-1000 сом
3. Алыскы жайытка 20-майдан кечиккендерге 20,0 (жыйырма миң) сомдон айып пул белгиленсин.
5. Жайыттан сыртка элдин эгиндерине чөп чабынды жерине кирген мал жандыктарга айып пул төмөндөгүдөй бекитилсин:
I. Жылкыга 1 башына-1000 сомдон
II. Кара малга 1 башына -1000 сомдон
III. Кой-эчкиге 1 башына -500 сомдон
6. Жайыттын 2025-жылга бюджети 225 000 сомго бекитилсин. 7. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |