Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/14
“Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Кара-Суу шаардык кенеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын мэриясы “Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2. “Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасынын баштапкы уставтык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттен 2025-жылдын башына бош калган акча каражатынын эсебинен 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |