Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/15
“Сугат суунун акысын бекитип берүү жөнүндө”
“Мөңгү-Суу” суу пайдалануучулар ассосиациясынын 2025-жылдын 5-февралындагы №1 сандуу катын угуп сугат суунун акыларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. “Мөңгү-Суу” суу пайдалануучулар ассосиациясынын Кара-Суу шаарынын аймагындагы сугат суунун акыларынын тарифи №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына жана “Мөңгү-Суу” суу пайдалануучулар ассосиациясына, көзөмөлдөө шаардык кенештин туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |
Кара-Суу шаардык кеңешинин
2025-жылдын 6-февралындагы
№3/15 сандуу токтомуна
тиркеме
№ | Эгиндин аталышы | Төлөнүүчү сом Эркин-1, Коңурат айылдары үчүн | Төлөнүүчү сом Тельман, Киров, Присавай Эркин-2 айылдарынын тарифи |
1. | Пахта | 1600 | 1800 |
2. | Тамеки | 1400 | 1600 |
3. | Күздүк буудай | 1400 | 1600 |
4. | Дандык жүгөрү | 1600 | 1800 |
5. | Жашылча | 2000 | 2200 |
6. | Картошка | 2000 | 2200 |
7. | Күн карама | 1400 | 1600 |
8. | Бак, (мөмөлүү) | 2000 | 2200 |
9. | Тыт, тал, терек | 1400 | 1600 |
10. | Бахча | 2000 | 2200 |
11. | Беде | 1600 | 1800 |
12. | Пияз | 4000 | 4400 |
13. | Шалы | 5000 | 5400 |