Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/16
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак ашка болгон төлөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамынын 28-беренесинин негизинде Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 5-февралындагы №01-13/305 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-январынан тартып Кара-Суу шаарынын төмөндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак ашка болгон төлөмү ата-энелер тарабынан 1500 сомдон бекитилсин:
-Мөлтүр-Булак МЧББУ
-Мээрим МЧББУ
-Айданек МЧББУ
-Бакыт-Нуру МЧББУ
-Бал-Береке МЧББУ
-Баластан нуру МЧББУ
-Нурданек МЧББУ
-Берекем МЧББУ
-Байзак МЧББУ
2. Кара-Суу шаарынын мэриясына мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте токтомдун аткарылышын камсыздоо тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына, социалдык маданий маселелер, маалымдуулук жаштар жана аялдар саясаты, спорт, илим, билим, саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |