Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/17
Шаар аймагындагы жолдорду убактылуу баланска алууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын шаар аймагындагы жолдорду убактылуу баланска алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол чарба департаментинен Кара-Суу шаарынын аймагына тиешелүү болгон авто унаа жолдорун мыйзамдуулугун кароо менен шаар мэриясынын балансына убактылуу алууга макулдук берилсин.
2.Кара-Суу шаар мэриясы мыйзам чегинде жолдорду баланска алуу үчүн тийиштүү тараптар менен иштерди алып барсын.
3.Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоону алып баруу жана документтердин сакталуусун камсыздоо шаар мэриясына жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткалышын көзөмөлдөө шаардык кенештин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |