Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/18
Муниципалдык баланстагы техникаларды жана жер аянтын күрөөгө коюуга макулдук берүү жөнүндө
Кара - Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Европа инвестициялык банкынан төмөн пайызда насыя (кредит) алууга шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Кара-Суу тазалык муниципалдык ишканасынын балансындагы техникаларын жана жер участогун күрөөгө коюу боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Европа инвестициялык банкынан 2017-жылдын 19-октябрындагы №19-04-01/40 сандуу Субкредиттик келишимдин негизинде берилген 1 000,0 (бир миллион) евро төмөн пайызда насыя (кредит) алынган акча каражатына шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин жана Кара-Суу тазалык муниципалдык ишканасынын балансындагы төмөндөгү 10 даана техниканын күрөөгө коюуга макулдук берилсин:
№ | Техниканын аталышы | Мамлекеттик номуру | Чыгарылган жылы |
1 | Фольксваген Гольф | 40-20 ОА | 2014-ж |
2 | Автовышка 813(Газель) | 06kg.513AD | 2014-ж |
3 | Хонда-НRV | 06 kg144 AD | 2003-ж |
4 | Хундай Солярис | 06 kg 110 AD | 2017-ж |
5 | ДЭУ-Ласетти | О 74-03 АО | 2009-ж |
6 | Портер | 06KG 830 АD | 2017-ж |
7 | ШАКМАН:мусоровоз | 06KG 572 АD | 2022-ж |
8 | Шакман Мусоровоз | 06KG302AE | 2024-ж |
9 | Шакман контейнеровоз | 06KG301AE | 2024-ж |
10 | Донг-Фенг мусоровоз | 06KG826AD | 2022-ж |
2. Кара-Суу шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын жакшыртуу долбоорунун алкагында Европа инвестициялык банкынан төмөн пайызда насыя (кредит) алуу үчүн 2023-жылдын 20-февралындагы №19-04-01/10 сандуу Субкредиттик келишимдин негизинде берилген 1 000,0 (бир миллион) евро төмөн пайызда насыя (кредит) алууга “Газпром” ден соолукту чындоо борборунун 0,50га жер аянты тиешелүү документтерин даярдоо менен күрөөгө коюуга макулдук берилсин.
3. Күрөөгө коюу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги менен Кара-Суу шаардык мэриясынын ортосунда макулдашуу келишими түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет,инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |