Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 6-февралы № 3/19
Кара-Суу шаарындагы кварталдык комитеттердин төрага төрайымдарынын ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 5-февралындагы №01-13/308 сандуу катын угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарындагы кварталдык комитеттердин төрага төрайымдарынын ЖОБОсу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |
Кара-Суу шаардык кеңешинин
2025-жылдын 6-февралындагы
№3/19 сандуу токтому менен
бекитилди
Кара-Суу шаарынын кварталдык комитеттери жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кварталдык комитеттерди дайындоо
III. Кварталдык комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
IV. Кварталдык комитеттердин эмгек акы фондусу
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
I. Жалпы жоболор
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-октябрындагы "Аймактык өзүн-өзү башкаруу коомдук ишмердүүлүктү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" №625 токтомунун негизинде иштелип чыккан.
1.1. Кварталдык комитеттер – булл аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун формалары, алардын иши кварталд ажашаган жарандарды жергиликтүү жана социалдык-маданий маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган.
1.2.Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде жана жеке курулуш райондорунда түзүлөт.
1.3.Кварталдык комитеттин ишмердүүлүгүнүн аймагынын чектери ушул кварталда жашаган тургундардын сунуштарын эске алуу менен Кара-Суу шаардык кеңеши тарабынан белгиленет.
1.4. Кварталдык комитеттер жарандардын арасынан өз макулдугу менен түзүлөт.
1.6. Кварталдык комитеттер шаар мэриясына ,жарандардын чогулушунда жашоочуларга отчет берип турат.
1.7. Кварталдык комитеттердин саны Кара-Суу шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
1.8. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, келишим түрүндө иш-аракеттерин жүргүзгөн кварталдык комитеттеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек.
1.9. Кара-Суу шаар мэриясынын чечими менен кварталдык комитеттердин аткаруу милдетинен төмөнкү учурларда бошотулат.
а) өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткара албаганда;
в) өзүнүн арызы же ден-соолугунун абалы боюнча;
2.0.Кварталдык комитет бошотулгандан кийин, жаңы квартал комитети кабыл алынат.
2.1.Өзүнүн ишмердүүлүгүндө кварталдык комитеттери Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына жана Кара-Суу шаардык кеңешинин, Кара-Суу шаар мэриясынын Токтомун жана Уставын ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.
II. Кварталдык комитеттерди дайындоо
2.1.Кварталдык комитет болуп 18 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан жогору эмес, бул кварталда жана үйдө туруктуу катталган жан ажашаган, ортодон кем эмес билими менен, соттолбогон же соттолгондугу белгиленген мыйзам тартибинде алынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
2.2.Жалпы жыйналыштардын жумушуна катыша алат:
2.3. Жаңы кварталдар, үй жана кварталдык комитеттер түзүлгөндө, ушул Жобонун ченемдерине ылайык жумуш алып барат.
III. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
3.1. Кварталдык комитет төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
а) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда булл аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыгын, өзукуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын коргоого;
б)тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын кароосуна пландарды жана өнүгүү программаларын иштеп чыгууга катышууга;
в) социалдык чөйрөдөгү обьектилерди кабыл алууга;
г)Кара-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
д)жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарынын (конференцияларынын) чечимдерин аткарууну уюштурууга;
е) турак жайларды куруунун, пайдалануунун, турак жай имараттарын жана ага чектеш аймактардын эрежелерине көзөмөл жүргүзүүгө, өрт коопсуздугунун жана санитардык ченемдердин сакталышына, жерди, суну жана башка жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууга, тарыхый-маданий коргоого коомдук көзөмөлдү жүзөгө ашырууга, эстеликтер, аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн тиешелүү органдарга сунуштарды киргизүүгө;
ж)санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык, өрттү көзөмөлдөө жана коопсуздук чараларын ишке ашырууда тиешелүү уюмдарга жана кызматтарга көмөк көрсөтүүгө;
з)коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө;
и) аталган аймактын тургундарынын муктаждыктарын аныктап мамлекеттик жана жергиликтүү ө залдынча башкармалыкка аларды чечүүнү уюштурууга;
к) тургундарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын чечимдери жөнүндө кабарландыруу жана алардын аткарылышын уюштурууга.
л) кварталдын калктын маданий-массалык иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүнү тартууга;
м) үйлөрдүн, көчөлөрдүн, кварталдардын жашоочуларынын эсебин жүргүзүүгө;
н) баардык үй кожоюндардын иш-чарбалар боюнча китебин жүргүзөт;
р) коммуналдык чарба обьектилеринин жана башка коммуналдык кызматтардын коопсуздугун көзөмөлдөөгө, кварталдын калкында коопсуздук жана мүлктү этияттого жоопкерчилик сезимин тарбиялоого;
с) жергиликтүү өз алдынча башкарууга шайлоочулардын тизмесин даярдоого, шайлоорлорду уюштурууга, референдумдарды жана жашоочулар менен жолугушууларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө;
т) бекитилген аймактагы жашоочулардын таштандыларын жыйноону жана өз убагында ташып кетүүнү контролдоого;
у) калктын аз камсыз болгон катмарында социалдык коргоо боюнча иштерди уюштурууга катышат;
ф) аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен иштерди уюштурат.
х) жашоочуларды көрктөндүрүү, санитардык тазалоо, отургузуу, жашыл аянттарды сугаруу иштерин жүргүзүүнү уюштурат, зарыл болгон учурда кварталдын калкына табигый кырсыктарды жоюуну уюштурат;
ч) Кара-Суу шаарынын баардык кызматтары менен биргеликте иш алып барат, анын ичинде:
-мамлекеттик салык кызматы менен жергиликтүү салыкты чогултуу боюнча;
-Кара-Суу шаардык аскердик комиссариаты менен;
- Кара-Суу Таза-Суу муниципалдык ишканасы менен;
- Какра-Суу райондук электр тармактары ишканасы менен;
- газ чарбасы менен;
-Кара-Суу “Жылуулук” муниципалдык ишканасы менен;
-райондук социалдык коргоо башкармалыгы менен (жашоо-тиричилиги оор кырдаалга кабылган жарандарга, УАС катышуучуларына, майыптарга жана башка категориядагы жакырларга даректик жардам көрсөтүү);
- райондук билим берүү бөлүмү менен;
-саламаттыкты сактоо мекемеси менен;
-санитардык, эпидемиологиялык жана экологиялык өрттү контролдоо мекемелери менен;
-аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен (АКӨАБ) өз ара аракеттенет анын курамына квартал, аксакалдар соту жана аялдар кеңеши кирет;
ш) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген башка ыйгарым укуктары.
3.2.Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыгына тийиштүү маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашырып жиберген учурда, Кара-Суу шаар мэриясы тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилүүсү мүмкүн.
IV. Кварталдык комитеттин эмгек акы фондусу
4.1.Кварталдыккомитеттердинэмгекакыфондусу Кара-Суу шаардык кенеши аркылуу бекитилет.
4.2.Кварталдык комитеттердин айлык маянасы, түзүлгөн эмгек келишимди ннегизинде жүргүзүлөт.
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
5.1. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөрүүлөр Кара-Суу шаар мэриясынын сунуштарынын негизинде киргизилет жана Кара-Суу шаардык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.