Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-февралы № 4/2
“Жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Суу шаар мэриясынын 2025-жылдын 17-февралындагы №01-13/477 сандуу чыгыш катын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-февралындагы отурумунун №3 протоколдук чечимин карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын Эркин айылындагы Кайра бөлүштүрүү фондунун сугат айдоо жеринен 6,24 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк аскерлер тобунун №30629 аскер бөлүгүнүн кошумча имараттарын, техникаларын жайгаштыруу жана куруу үчүн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү мекемелер менен иш кагаздарын тактоо жүргүзүү жана токтомду мыйзам чегинде аткаруу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |