Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 18-февралы № 4/4
“Жер аянтынын максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Суу шаарынын Киров айылынын тургуну Э.Матисмаиловдун 2025-жылдын 17-февралындагы арызын жана Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-февралындагы отурумунун №3 протоколдук чечимин карап чыгып жана талкуулап шаардык кеңеш токтом кылат:
1. Кара-Суу шаарынын Киров айылындагы Маталова Нурзида Жамшитовнага таандык 5100,0 м2 жер аянтынын максаттык багыты “Айыл чарба багытындагы Тамеки комплекс” багытынан өндүрүштүк багытка которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу шаар мэриясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |