Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 24-марты № 5/1
Кара-Суу шаар аймагына участкалык шпйлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-главасындагы 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын чогулушун Кара-Суу шаарынын округунун кеңешине келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаар аймагындагы участкалык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди көрсөткөн жарандардын жашаган жана иштеген жеринин шайлоочуларынын протоколу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жогорудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жан референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына сунушталсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Т.Полотов |