Редакцияот 15.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-июлу № 01-7/49

 

“Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдигин жана айлык маяналарын бекитүү жөнүндө

 

“Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чомоковдун 2025-жылдын 14-июлунда №01-04/40 кайрылуусунун негизинде, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн “Таза Айыл” муниципалдык ишканасынын жаңыртылган штаттык бирдиги жана кызматкерлеринин айлык маяналары жогорулатуу менен №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жана “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасынын директору Ж.Чомоковго жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

С.Б. Бекмырзаев