САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 01-7/50
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансынан “Лицей орто мектебинин имаратынын жана курулмаларынын алдындагы жер тилкесин “№114 кесиптик лицейи” мекемесине өткөрүп берүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансында турган, Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылындагы Мельничная көчөсү №1г дарегинде жайгашкан “Лицей орто мектебинин имаратынын жана курулмаларынын алдындагы жер тилкесин” мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү маселеси каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылындагы Мельничная көчөсү №1г дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 1,0 га болгон “Лицей орто мектебинин имараты жана курулмаларынын алдындагы жер тилкесинин” мамлекеттик актысын (серия Б №058774, каттоо №3775, 13.05.2025-ж.) мурдагы Крупская атындагы азыркы бириккен Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансынан “№114 Кесиптик лицейи” мекемесине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемиров тиешелүү буйругун чыгарсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| С.Б. Бекмырзаев |