Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 210
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана региондорду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга коюлуучу талаптар жөнүндө жободо:
- 4-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) туризм чөйрөсүндөгү ЭЭЗдин аймагынан же субъектилери жайгашкан жерлеринен тышкары, товарларга карата ыйгарым укугу болбогон же мындай ыйгарым укуктарга ээ болгон жактардын өкүлдөрү болуп саналбаган бөтөн жактардын кирүүсүнө жол бербөө;";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Товарларды сактоону камсыз кылуучу ЭЭЗдин тосулган аймагынын ичинде жайгашкан ЭЭЗдин субъектилеринин имараттарынын тосмолорунан тышкары, ЭЭЗдин аймагынын тосмолору темирбетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же мындай материалдардын комбинациясынан металл же бетон мамыларга орнотулган тикенектүү зымдан турган үзгүлтүксүз конструкцияны элестетүүгө жана бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш, ал эми туризм чөйрөсүндөгү ЭЭЗдин субъектилери үчүн тосмо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган башка материалдардан жасалышы мүмкүн.
ЭЭЗдин субъектилери жайгашкан жерлердин аймагы бүткүл периметри боюнча темирбетондон, бетондон, кыштан, металл конструкциялардан же мындай материалдардын комбинациясынан турган үзгүлтүксүз конструкцияны элестеткен тосмо менен курчалууга жана бийиктиги 2,2 метрден кем болбоого тийиш, ал эми туризм чөйрөсүндөгү ЭЭЗдин субъектилери үчүн тосмо бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган башка материалдардан жасалышы мүмкүн.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 7 (3767) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |