Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 221 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын (мындан ары - МТББ) ишинин тартибин аныктайт.
2. МТББ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
3. МТББ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. МТББ мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, фирмалык бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында алыш-бериш эсеби бар.
5. Толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы";
расмий тилде: "Главное управление информационных технологий Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "КР ИИМ МТББ";
расмий тилде: "ГУИТ МВД КР".
6. Юридикалык дареги: 720011, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469.
7. МТББ өз ишин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бөлүмдөрү, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
8. МТББнын иши мыйзамдуулук, адамдын укуктарын жана эркиндигин сактоо, илимий сунуштарды, оң тажрыйбаларды пайдалануу, маселелерди чечүүдө жеке башчылыкты жана коллегиялуулукту айкалыштыруу, кызматкерлердин милдеттерин бөлүштүрүү жана ар биринин тапшырылган участогундагы иштердин абалына болгон жеке жоопкерчилик принциптеринде түзүлөт.
9. МТББнын колдонуусу чектелген маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан иш кагаздарын жүргүзүүсү жана иш-чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Министрликтин ведомстволук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. МТББнын максаттары
10. МТББнын негизги максаты ички иштер органдарын санариптик трансформациялоону камсыз кылуу жана заманбап технологияларды киргизүү, киберкоопсуздукту чыңдоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу алардын натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле аналитикалык иште, ыкчам-издөө ишин колдоодо, кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда пайдалануу максатында ыкчам-маалымдама жана издөөнү эсепке алууну, атайын эсепке алууну жана кылмыш иштери боюнча архивдерди уюштуруу жана өнүктүрүү болуп саналат.
3-глава. МТББнын негизги милдеттери
11. МТББга төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
1) ички иштер органдарынын маалыматтык эсепке алуусун жана маалыматтар базасын түзүү, жүргүзүү жана пайдалануу, маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды, ведомстволук сырткы видеобайкоо системасын, байланыш системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле ички иштер органдарынын ишинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу;
2) МТББнын компетенциясынын чегинде жеке жана юридикалык жактарды, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн, мамлекеттик бийлик органдарын, укук коргоо органдарын, анын ичинде чет мамлекеттерди белгиленген тартипте маалыматтык камсыздоону жүзөгө ашыруу;
3) МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча иштерди координациялоо жана ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишине белгиленген тартипте контролдоону жүзөгө ашыруу, кызматтык ишти андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
4) Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда көмөк көрсөтүү максатында ведомстволук санариптик технологиялык системаларды, санариптик ресурстарды жана адистештирилген программалык камсыздоону колдонуу менен ыкчам маалыматтарга талдоо жүргүзүү;
5) ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ортосунда өз ара аракеттенүү үчүн корголгон телекоммуникациялык тарамдарын жана системаларын уюштуруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары менен телекоммуникациялык тарамдарынын корголгон каналдары аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган ведомстволук санариптик мультисервистик тарамды түзүү.
4-глава. МТББнын негизги функциялары жана укуктары
12. Жүктөлгөн милдеттерди чечүү максатында МТББ төмөнкү функцияларды аткарат:
1) ички иштер органдарынын архивдик документтерин белгиленген тартипте кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жана пайдаланууну камсыз кылуу;
2) уюштуруучулук-методикалык жетекчиликти жүзөгө ашыруу жана МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө практикалык жардам көрсөтүү;
3) МТББнын ишинде колдонулуучу алдынкы, анын ичинде эл аралык тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу;
4) МТББнын ишинин маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарыялоолорду кароо;
5) өз ыйгарым укуктарынын чегинде жеке мүнөздөгү маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, пайдалануу, өткөрүп берүү жана сактоо, аларды Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык үчүнчү жактарга берүү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;
7) ыкчам-маалымдама жана издөөнү эсепке алуу боюнча издөө-аныктоо иштерин жүргүзүү, эл аралык милдеттенмелерге ылайык чет мамлекеттердин мамлекеттик, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча өз компетенциясынын чегинде тийиштүү маалыматтарды берүү;
8) белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык жана башка органдары жана эл аралык уюмдар менен маалыматтык жана башка өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
9) өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардан маалыматты, өзүнүн функцияларын жана милдеттерин аткаруу үчүн санарип дайындарына жана санарип жазмаларына кирүү мүмкүндүгүн суроо жана алуу;
10) ыкчам-маалымдама жана издөөнү эсепке алууну чагылдырууга тийиш болгон объекттерди каттоону контролдоо, ошондой эле эл аралык издөөнү жарыялоого же токтотууга материалдарды тариздөөнүн сапатын сактоо жана МТББга өз убагында берүү;
11) электрондук кол тамганы колдонуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ведомстволук баш ийген ырастоочу борборду түзүү жана өнүктүрүү укугун ишке ашыруу;
12) зарыл болгон программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, санариптик технологиялык системаларды түзүүгө, анын ичинде башка уюмдарды тартуу менен катышуу;
13) ички иштер органдарынын ишинде маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга, анын ичинде маалымат базасына санкциясыз кирүүгө жана маалыматтын чыгып кетишинин негизги ыкмаларын аныктоого багытталган уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын комплексин жүргүзүү;
14) киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды сактоо;
15) илимий изилдөөлөргө катышуу, сунуштамаларды жана методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу, белгиленген тартипте аларды ишке ашыруу, МТББнын ишинин маселелери боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө колдоо көрсөтүү;
16) өзүнүн компетенциясынын чегинде техникалык документтерди, ошондой эле сырткы видеобайкоо системаларына техникалык талаптарды иштеп чыгууга катышуу;
17) МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча программалык камсыздоону, санариптик технологиялык системаларды жана маалымат базаларын (банктарын) белгиленген тартипте түзүү, иштешин камсыз кылуу, жүргүзүү жана пайдалануу;
18) радиоэлектрондук каражаттардын электромагниттик шайкештигин, радио жана радиотехникалык контролдоону, ошондой эле ички иштер органдарынын жыштык мамилесинде контролго алынган бөлүмдөрү тарабынан бул каражаттарды колдонуу эрежелеринин сакталышын контролдоону камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларды иштеп чыгууга катышуу;
19) ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү үчүн, анын ичинде массалык иш-чараларды өткөрүүдө, ошондой эле Министрликтин атайын пландарын ишке киргизүүдө байланышты камсыз кылуу;
20) МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана иштеп чыгууга катышуу;
21) МТББга жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, актуалдаштыруу жана ведомстволук санариптик технологиялык системаларга, санарип ресурстарга жана адистештирилген программалык камсыздоого киргизүү;
22) кылмыштарды иликтөөдө жана ачууда көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ыкчам жана тергөө бөлүмдөрүнүн суроо-талаптары жана тапшырмалары боюнча аналитикалык иш-чараларды жүргүзүү.
13. МТББ өзүнүн милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өз компетенциясынын чегинде МТББнын ишин жакшыртуу үчүн МТББнын ишинин багыттары боюнча иштин белгиленген чөйрөсүндө төмөн натыйжаларга ээ болгон ички иштер органдарынын бөлүмдөрүн өзгөчө контролго коюу, ошондой эле алардын жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Министрликке белгиленген тартипте сунуштарды киргизүүгө;
2) МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн ишин текшерүүгө;
3) МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин отчетун белгиленген тартипте угууга, кеңешмелерди, жумушчу жолугушууларды, илимий-практикалык конференцияларды жана семинарларды өткөрүүгө;
4) МТББнын ишинин маселелери боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин белгиленген тартипте окутууга.
МТББ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, Министрликтин ведомстволук актыларында жана ушул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
5-глава. МТББнын ишин уюштуруу
14. МТББга жалпы жетекчиликти МТББнын башчысы жүргүзөт, ал кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп саналат жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
15. МТББнын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн түзүмү, штаттык саны Министрликтин бекитилген штаттык санынын чегинде МТББнын башчысынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан бекитилет.
16. Катардагы, жетектөөчү курамдын, эркин жалданма жана жарандык персоналдын кызмат орундарына кадрларды тандоо жана дайындоо Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бекиткен кызмат орундарынын тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.
17. МТББнын өздүк курамы тарабынан кызмат өтөө, аларга эмгек акы төлөө тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен регламенттелет.
18. МТББнын башчысы:
1) жүктөлгөн милдеттерди аткаруу жана МТББнын ишин өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү максатында МТББнын ишин жетектейт жана уюштурат;
2) МТББга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу, анын ичинде коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;
3) МТББнын башчысынын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, өздүк курамдын функциялык милдеттерин бекитет;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка актыларды чыгарат;
5) Кыргыз Республикасынын ички иштер министрине МТББнын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындоо, которуу жана ээлеген кызматынан бошотуу, аларга атайын наамдарды ыйгаруу, бошотуу, тартиптик жазаларды жана сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
6) МТББнын кызматкерлерин, эркин жалданма жана жарандык персоналдардын кызматкерлерин сыйлоону жүзөгө ашырат жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде белгиленген тартипте тартиптик жазаларды колдонот;
7) Кыргыз Республикасынын ички иштер министри менен макулдашуу боюнча МТББнын кызматкерлерине коюлуучу кошумча квалификациялык талаптарды аныктайт;
8) Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары менен болгон мамилелерде МТББнын атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын же өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана МТББнын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык ведомстволор аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коет;
9) МТББнын атынан ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө, башка бүтүмдөрдү жасоого өзүнүн орун басарларынын бирине ыйгарым укук берүүгө укуктуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
19. Ички иштер органдарынын аймактык маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн кызматкерлери МТББнын башчысы менен макулдашуу боюнча ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
6-глава. МТББны каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо
20. МТББны күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
21. МТББнын имараттары, курулмалары, жабдуулары, инвентарлары, башка материалдык баалуулуктары жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат, алар ыкчам башкаруу укугунда ага бекитип берилген.
22. МТББ ата мекендик жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды белгиленген тартипте түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Министрликтин ведомстволук актылары менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде МТББнын атынан башка бүтүмдөрдү жасоого укуктуу.
23. МТББ белгиленген тартипте өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон кызматтык жана турак жайларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле негизги каражаттардын башка түрлөрүн сатып алууга укуктуу.
24. МТББ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Министрликтин ведомстволук актыларына ылайык МТББнын балансында турган товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгарат.
7-глава. Корутунду жоболор
25. МТББны кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кайра уюштурууда МТББнын бардык мүлктүк укуктары жана милдеттенмелери укук улантуучуга өтөт.
26. МТББнын ишин токтотууда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.