КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-марты № 321-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аматов Жаныбек Женишбековичти Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аматов Жаныбек Женишбекович Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 2-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аматов Жаныбек Женишбекович - "Элдик" депутаттык тобунан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы |
| М.Маматалиев |