Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-апрели № 40
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 64-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн, аракетке жөндөмсүз граждан өз алдынча жасоого укуктуу болгон бүтүмдөрдү кошпогондо, аракетке жөндөмсүз деп таанылган граждандын атынан бүтүмдү аны камкордукка алган адам түзөт.";
2) 67-статьянын 2-пунктунда "бардык" деген сөз алып салынсын;
3) 189-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү кошпогондо, психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган граждандын жасаган бүтүмү эч нерсеге татыбас бүтүм.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө өз алдынча же өкүлү аркылуу сотко кайрылууга укуктуу.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Сот аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаранды катышууга тартууга укуктуу.";
2) 262-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту "жөнүндө" деген сөздөн кийин ", аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү тууралуу" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 296-берененин 2-бөлүгү "сот" деген сөздөн кийин "жарандын же анын өкүлүнүн," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 26-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |