Документке
Мурунку13.04.2026

        КАРАКОЛ ШААРДЫК  КЕҢЕШИ

 

 

Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XV сессиясы

 

23-декабрь2025-жыл  №29-15/1                                                     

 

                                            ТОКТОМ

 

Ж-2А зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 10-декабрындагы, чыг:№01-17-5797, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XV сессиясы,

токтом кылат:

 

1.    Ж-2А зонасынын (пайдалануунун тʏрлѳрʏ чектелген, индивидуалдуу ʏйлѳрдʏ куруу жана майда мʏйʏздʏʏ малды кармоого уруксаат берилген) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Жакыпов кѳчѳсʏ, №10а дарегинде жайгашкан, аянты 1742,65 м2 жер тилкесин, С-1 (аянттары кенен саламаттыкты сактоо, агартуу, илим, физкультура жана спорттук обьектилери бар зонасы) зонасына которулсун.

2.    Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону Каракол шаарында курулуш жана жердипайдаланууЭрежелерине киргизсин;

-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

3.    Б.И. Кыштобаева, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.

4.    Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

5.    Токтом ММКларда жарыялансын.

6.    Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешининжерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

 

Тѳрага                                                                 Таштанбек уулу С.

 

Жаңы14.04.2026