Редакцияот 12.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

I- чыгарышлыштын 14-кезектүү сессиясы

2026-жылдын 12-февралы № 12

Мечит куруу үчүн жер тилкеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына 34-беренесине ылайык, депутаттардын сессиясы:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Мечит куруу үчүн жалпы аянты 399 м2 болгон жер тилкесин муниципалдык менчиктин балансына кабыл алынсын, дареги Садовое айылы 50 лет Октября көчөсү № 96 а;

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы муниципалдык менчиктин мамлекеттик актысын алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдасын;

3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй облустук Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн;

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

2026-жылдын 24-мартында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/03/12.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Ж.Ш.Азизов