Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨМӨНКҮ-ЧҮЙ АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

I- чыгарышлыштын 15-кезектүү сессиясы

2026-жылдын 6-марты № 14

Жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майынын № 177 “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтомуна ылайык, депутаттардын сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Жеке турак жай куруу үчүн жер участогунун өлчөмү 10 (он) сотых өлчөмүндө бекитилсин.

2.  Төмөнкү-Чүй айылдык Кеңештин 2025-жылдын 13-майындагы № 21 Токтом күчүн жоготту деп табылсын.

3.  Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй облустук Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүлсүн;

4.  Бул токтомдун аткарылышын Төмөнкү-Чүй айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

2026-жылдын 24-мартында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/03/14.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Ж.Ш.Азизов