КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 03
“Манас” спорт комплексинин жабык бассейнинин акы төлөнүүчү кызматтарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарынын маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы-Ж. Айдарбаевдин 2026-жылдын 13-январындагы № 29 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаардык маданият жана спорт бөлүмүнүн «Манас» спорт комплексинин жабык бассейнинин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн төмөнкү прейскуранты бекитилсин:
Категория | Кирүү билети (сом) | Абонемент айына (сом) |
Чоңдорго | 200 | 1800 |
Балдарга | 100 | 500 |
Пенсионерлер | 100 | 500 |
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн;
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара – Балта шаарынын мэри – А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |