Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-марты № 02
Имараттарды ишкердик ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн пайдаланган жеке жана юридикалык жактар үчүн таштанды чыгаруу боюнча жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-августундагы №90 «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин 74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Чүй облусунун Жайыл району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын 2026-жылдын 19-февралындагы №01-3-2076 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын аймагында ишкердик жүргүзүүгө арналган имараттардын менчик ээси болгон жеке жана юридикалык жактар үчүн таштанды чыгаруу боюнча жыйымдын өлчөмү ар бир кызматкерге жылына 100 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төлөө мөөнөтү жана маалыматтык эсеп-кысаптарды тапшыруу мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге чейин белгиленсин.
3. Ал эми үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кийин катталган субъекттер үчүн жыйымды төлөө жана эсептөө кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
4. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 5-июнундагы №24 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомду жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяласын.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, Кара – Балта шаарынын мэри – А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |