КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 12-марты № 53
Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, мүлктү натыйжалуу пайдалануу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Кара – Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 19-февралындагы № 01-5/865 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигине «Кара-Балта жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасын» төмөнкү жер тилкелери менен кабыл алууга макулдук берилсин:
- аянты 6 240,0 чарчы метр, дареги: Кара-Балта шаары, Жайыл Баатыра көчөсү № 279а (мурун № 257);
- аянты 7 760,0 чарчы метр, дареги: Кара-Балта шаары, Жайыл Баатыра көчөсү № 279 (мурун № 257).
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри А.К Исаковго тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |