Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-ноябры № 49
Кара-Балта жол курулуш башкармалыгы үчүн инерттик материалдарга бааларды бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык мэриясынын 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 01-05/3563 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын жол курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашыруу үчүн төмөнкү материалдардын баалары бекитилсин:
- кум (0-5 мм фракция) - тоннасына 610 (алты жүз он) сом.
- майдаланган таш (5-10 мм фракция) - тоннасына 460 (төрт жүз алтымыш) сом.
- майдаланган таш (10-20 мм фракция) - тоннасына 440 (төрт жүз кырк) сом.
- майдаланган таш (20-30 мм фракция) - тоннасына 380 (үч жүз сексен) сом.
- экрандалган шагыл - тоннасына 300 (үч жүз) сом.
- шагыл - тоннасына 270 (эки жүз жетимиш) сом..
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинежөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – Салмурбек уулу Азатка жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |