КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-сентябры № 33
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 8 токтому менен бекитилген «Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө» жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, өткөрүп берүү стандарттарын тартипке келтирүү максатында, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 29-июлундагы № 01-6/615 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы № 8 токтому менен бекитилген Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигин пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 65-пунктуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
"- эгерде аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кийин аукциондун жеңүүчүсү ижара келишимине кол койбосо."
2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жогоруда көрсөтүлгөн Жобону ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясынын и.о. мэри – Рыскулбек уулу Нурматка жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |